Жаңылыктар
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Аба-ырайы жылуу болгондуктан өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Синоптиктердин айтымына караганда, 23-24-25-декабрь күндөрү абанын табы нормадагыдан 4-5 градуска жогору болот. 

Ага байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Тактап айтканда, Каракол-Эңилчек унаа жолунда жана башка ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.