Жаңылыктар
Электр энергиясына өз убагында төлөөнү унутпаңыз
Кыргызстан жаңылыктары
Электр энергиясына өз убагында төлөөнү унутпаңыз

Бишкекте эртең 26-декабрда “акылдуу” эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн 5 миң 400 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлүшү мүмкүн. Бишкек электр тармактар ишканасы жаңы жылда жарыксыз калбоо үчүн турмуш-тиричилик абоненттеринин электр жарыгына болгон төлөмдү өз убагындоо төлөөгө чакырат. 

Ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" рубрикасында бардык абоненттер электр энергиясы үчүн болгон карызын көрө алышат. Андан тышкары, турмуш-тиричилик абоненттери Play Market жана AppStore аркылуу “Менин жарыгым” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, өз баланстары тууралуу маалымат ала алышат.