Жаңылыктар
Малды каттоо өнөктүгү башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Малды каттоо өнөктүгү башталды

Кыргызстанда малды идентификациялоо өнөктүгү башталды. Ысык-Ата районунда ири мүйүздүү малдын кулагына бирка тагылды. 

Салтанаттуу аземге өкмөт мүчөлөрү, Россиянын элчилигинен өкүл жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрү катышты. Бодо малдын эки кулагына тагылган биркада жеке номуру бар. 

Ал малдын өздүк документи катары пайдаланылат. Мындай бирка басуунун зарылчылыгы - биринчиден малга дары дармектерди саюу өнөктүгүндө тактык үчүн керек. 

Экинчиден мал санак үчүн ыңгайлуу болуп, мал уурдагандардын жолун бууйт. Эң башкысы саламаттыгы чың малды башка өлкөлөргө экспорттогонго жол ачылат.