Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы Бабкин атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы Бабкин атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Жалал-Абад шаарындагы №1 Бабкин атындагы орто мектептин 3 кабаттуу 375 орундуу жаңы корпусунун ачылыш аземине катышты. 

Анда Акылбек Жапаров мугалимдерди жана шаар тургундарын мектептин жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктап, дээрлик 100 жыл мурда түптөлгөн бул мектептин жаңы корпусу кыздар балдар үчүн кол эмгек канаасы, заманбап ашканасы жана башка бардык шарттары менен курулганын билдирди.

Анын айтымында быйыл 130га жакын  мектеп, анын ичинен Жалал-Абад облусунда эле 28 мектептин имараттары курулуп пайдаланууга берилди.  Мунун баардыгы өлкөдө жүрүп жаткан реформалардын жыйынытыгы экенин айткан Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарында жасалып жаткан алгылыктуу иштерди да белгилей кетти. 

“Президентибиздин тапшырмасы менен биз быйыл Жалал-Абад шаарына 2 млрд сом бердик. Мага алып келген пландагы курулуштар 90-100% бүтүү процессине келди. Шаардын ондогон көчөлөрү асфальттанды, жарыктар коюлду, тротуарлар, веложолдор, жол жээгиндеги арыктар жасалды. Шаарга 112 млн сомдук асфальт-бетон заводу курулду. Эми шаар ичи-сырты толугу менен асфальттанат”-деди Акылбек Жапаров.

Сөз соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекет билим берүү тармагына тиешелүү шарттарды түзүү менен бирге келечек муун үчүн кам көрүп жатканын айтып,  мугалимдер жана ата энелерди  балдарды заман талабына ылайык мыкты адис кылып даярдоого биргеликте активдүү аракет көрүүгө чакырды. 

Маалымат үчүн: Бабкин атындагы мектептин кошумча имаратын куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 59 млн 308 миң сом сарпталды.