Жаңылыктар
Садыр Жапаров Прагада болгон трагедияга байланыштуу Чехиянын Президенти Петр Павелге көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Прагада болгон трагедияга байланыштуу Чехиянын Президенти Петр Павелге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Прагада болгон трагедияга байланыштуу Чех Республикасынын Президенти Петр Павелге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Прага шаарындагы Карлов университетинде ок атуунун кесепетинен адамдар каза болуп, жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана чех элине көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин тилейм», - деп айтылат телеграммада