Жаңылыктар
Б.Торобаев Минкабинетинин Төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Б.Торобаев Минкабинетинин Төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу  болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70 – беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Торобаев Бакыт Эргешевич Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Бакыт Торобаевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызмат ордуна дайындоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилди.