Жаңылыктар
Акылбек Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары

Жалал-Абад облусунда 28 мектептин имараты курулуп пайдаланууга берилди. Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жасалып жаткан алгылыктуу иштер өлкөдө жүрүп жаткан реформалардын жыйынытыгы экенин айтты. Быйыл Президенттин тапшырмасы менен Жалал-Абад шаарына 2 млрд сом берилген. Ага шаардын ондогон көчөлөрү асфальтталып, жарыктар коюлду, тротуарлар, веложолдор, жол жээгиндеги арыктар жасалды. Шаарга 112 млн сомдук асфальт-бетон заводу курулду.