Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамовду кабыл алды. Анда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды.
Акыркы учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлгөнүн белгилеген Акылбек Жапаров, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору - эки мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизе турган эң ири транспорттук-инфраструктуралык долбоор экенин билдирди. Өз кезегинде Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов, кыргыз тараптын билдирүүсүнө бир тилектеште жана бул долбоорду даярдоо процессине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча тараптардын биргелешкен каржылоосу менен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, ал үстүбүздөгү жылдын июнь айында жактырылган. Учурда тараптар темир жолдун курулушун каржылоо моделинин оптималдуу варианттарын талкуулоодо.