Жаңылыктар
Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулуп, айрымдарына сөгүш жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулуп, айрымдарына сөгүш жарыяланды

Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулуп, айрымдарына сөгүш жарыяланды. Мэрияда борбордун укук коргоо органдарынын жана бардык муниципалдык кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча калаа башчысы Айбек Жунушалиев тарабынан Биринчи май райондук администрациянын, ошондой эле шаардын башка райондук акимияттарынын ишмердүүлүгүн текшерүү максатында кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырылган. 

Биринчи май райондук администрациясына текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө комиссия калаанын борбордук районун жаңы жылдык майрамга даярдоо боюнча пландуу иштердин жоктугун аныктады. "Ала-Тоо" аянтынын жана ага жакын жайгашкан шаардыктар жана эл көп жүргөн жерлердин абалы менен таанышуу, ишенип берилген аймакты көрктөндүрүү жана тазалоо, Ала-Тоо аянты да жана анын айланасында өрт жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу, Бишкектин борбордук аянтында башаламан сооданы жоюу маселелерине карата Биринчи май районунун жетекчилеринин шалаакы мамилеси жөнүндө айтылды. Комиссиянын корутундусунун негизинде мэрия Биринчи май районунун башчысын, акимдин орун басарын, Бишкек шаарынын №14 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысын ээлеген кызматтарынан бошотуп, бир катар башка кызмат адамдарына сөгүш жарыялады.