Жаңылыктар
Чек арада калган унаалар кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арада калган унаалар кайтарылды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту. 

Эки облустун чек арага чектеш район шаарларынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында тараптар 2023-жыл ичинде чек ара аймактарында биргелешип аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулады. Анда эки облустун чек арасында коомдук коопсуздукту сактоо, мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюу, чыр-чатактарга жол бербөө боюнча сүйлөштү.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, буга чейин эки өлкөнүн аймагында кармалып турган автоунааларды кайтарып берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар унааларды алмашуу боюнча макулдашты. Жыйынтыгында Тажикстанга Кыргызстандан төрт, Кыргызстанга Тажикстан тараптан беш жүк ташуучу унаа өткөрүлүп берилди. Унаалар өткөн жылы куралдуу жаңжал учурунда ар кандай себептер менен эки өлкөнүн аймагында калган. Техникалар чек арада жашаган жергиликтүү тургундарга таандык.