Жаңылыктар
УКМК: Оштогу №25 колониядагы камералардан тыюу салынган буюмдар табылды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Оштогу №25 колониядагы камералардан тыюу салынган буюмдар табылды

Жаза аткаруу кызматынын аймагында тыюу салынган буюмдар аныкталды. УКМК Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте Ош шаарындагы айрым камераларда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 17 даана уюлдук телефон, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылды. 

Мурда белгиленгендей, тыюу салынган буюмдарды эркин алып жүрүү боюнча бул мыйзамсыз иш-аракеттер мекеменин экс-жетекчисинин макулдугу менен жүргүзүлүп, бул үчүн ал соттолгондордон системалуу түрдө пара алып турган.