Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: Жаңы жылдык майрамдарда 10 миңден ашуун укук коргоо кызматкерлери коопсуздукту камсыздайт
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: Жаңы жылдык майрамдарда 10 миңден ашуун укук коргоо кызматкерлери коопсуздукту камсыздайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жаңы жыл жана майрам күндөрү коомдук тартипти сактоого жана коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык тизимине катышты.

МинКаб Төрагасы узап бара жаткан жылда республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эбегейсиз зор иштер жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

“Ар бир милиция бөлүмдөрүнө атайын камералар орнотулуп, катардагы кызматкерлерге төш-камералары берилди. Ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоо үчүн санариптик технологиялар киргизилди. Акыркы 2 жылда 300дөн ашуун автотранспорт сатып алынып, ар бир райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү унаалар жаңыланды. Бүгүнкү күндө 36 жаңы унаа Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди, жакынкы аралыкта дагы 50 жаңы унаа келет”, - деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылып жатып МинКаб Төрагасы алардын оңой эмес кызматы үчүн ыраазычылык билдирүү менен келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

“Сиздерден жумушка ак ниет жана толук жоопкерчилик менен мамиле кылууңуздарды суранам. Өлкөбүздүн жарандары өздөрүн толук коопсуз сезиши керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.