Жаңылыктар
ЖК комитети Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК комитети Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңешти тармактык комитети Бакыт Төрөбаевдин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына талапкерлигин жактырды. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кылып дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 25-декабрда кол койгон. Жарлыкта Төрөбаевдин талапкерлиги "Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызмат ордуна дайындоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилгени" белгиленет.