Жаңылыктар
30-декабрдан 1-январга чейин Бишкектин борбордук көчөлөрүндө чектөө киргизилип, унаа токтотууга тыюу салынат
Кыргызстан жаңылыктары
30-декабрдан 1-январга чейин Бишкектин борбордук көчөлөрүндө чектөө киргизилип, унаа токтотууга тыюу салынат

Жаңы-жылды майрамдоого карата 30-декабрдан 1-январга чейин Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилип, айрым көчөлөргө токтотууга тыюу салынат. 

Чүй проспекти Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин, Киев көчөсү Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат. Панфилов көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин эки тараптуу жол кыймылы үчүн жеткиликтүү болот. Бул күндөрү шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болушу үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар белгиленген. Жогорку Кеңештин имаратынын түндүк жана батыш тарабы, Раззаков, Орозбеков, Панфилов көчөлөрүдө башка айдоочуларга тоскоолдук жаратпастан, Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги ортолукта унаа токтотсо болот.