Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ардак грамоталарды тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ардак грамоталарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыш каттарын тапшыруу аземине катышты. 

Акылбек Жапаров Мамлекет башчысынын жана Министрлер Кабинетинин атынан иш-чаранын катышуучуларынын сыйлыктары жана келе жаткан жаңы жылдык майрамдары менен куттуктады.

«Сыйлык алуу - бул сыймык жана чоң кубаныч. Ар бир тармактан мыкты талапкерлер сунушталды. Өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө ар бириңиздердин салымыңыздар бар. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында ИДП 1 трлн 72,6 млрд сомду түзүп, Кумтөрдү эсепке албаганда өсүү темпи 6,7%ды түздү. Бюджет 570 млрд сомдон ашты. Акыркы 2,5 жылдын ичинде биз жүздөгөн мектептерди куруудабыз жана ачып жатабыз. Бир күн мурда эле 2 мектептин ачылышына катыштым. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматы боюнча, быйыл 128 мектеп (110 жаңы мектеп жана 18 мектеп оңдоп-түзөөдөн кийин) пайдаланууга берилет. Евразия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду сыяктуу абройлуу эл аралык каржы институттары“Кыргызстан өнүгүү жолунда бара жатат” деп жакшы баасын берип белгилөөдө. Биздин бүгүнкү жана эртеңки күнүбүз, балдарыбыздын келечеги ар бир жумушчунун, мугалимдин, врачтын, куруучунун, энергетиктин эмгегине, кошкон салымына жараша болот. Биз өнүгүү жолуна түштүк. Бизде биримдик, береке, билим жана күчтүү саясий эрк бар”, - деди МинКаб Төрагасы. 

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн 103 адам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланса, 43 адамга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыш жарыяланды.