Жаңылыктар
Пара менен кармалган депутат
Кылмыш
Пара менен кармалган депутат

Талас облусунун Бекмолдо айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаты 4 млн 200 миң сом акча каражатын опузалаган

Ал Бишкек шаарынын аймагында 1 млн сом алып жаткан жеринен кармалды. Декабрдын башында ар кандай коркутуулар менен, Талас районунун Бекмолдо айылына түтүктөрдү төшөө үчүн утуп алган 67 млн сом өлчөмүндөгү тендердин жалпы суммасынын 6% өлчөмүндө компенсация катары бересин деп жеке ишкананын директорунан 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кыла баштаган. Болбосо, жогоруда аты аталган депутат ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуп, курулуш иштерин жүргүзүүдө ар кандай тоскоолдуктарды уюштурууну убадалаган.Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.