Жаңылыктар
Түрк дүйнөсүнүн берметтери
Кыргызстан жаңылыктары
Түрк дүйнөсүнүн берметтери

Анкарадагы Түркиянын Президентинин Улуттук китепканасында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен жарык көргөн “Түрк дүйнөсүнүн берметтери” аттуу 100 томдуктун бет ачары өттү. Китепке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын жазуучуларынын эң мыкты чыгармалары камтылган. Аталган 100 томдуктун сегиз тому кыргыз адабиятына арналат. Анда кыргыз адабиятынын классиктеринен тартып, соңку муун жазуучуларынын да аңгеме, повесть, романдары бар. Ошондой эле Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата 10 томдук да жарык көрүп, ага залкар жазуучунун бардык чыгармалары киргизилген. Өзбекстандын Президентинин администрациясы, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Түркия Президентинин улуттук китепканасы биргеликте уюштурган иш-чарага Өзбекстандын Президентинин кеңешчиси Хайриддин Султанов, Түрксой эл аралык уюмунун Генералдык секретары Султан Раев катышты. Белгилей кетсек, Анкарада өткөн “Түрк дүйнөсүнүн берметтери” көркөм чыгармалары түрк элдеринин ортосундагы маданий интеграцияга, улуттук адабиятты таанытуунун өзгөчө руханий аянтчасына айланды.