Жаңылыктар
Калаадагы жаңы жылдык маанай
Кыргызстан жаңылыктары
Калаадагы жаңы жылдык маанай

Бишкек мэриясынын ишканалары Жаңы жылга коомдук транспортторду кооздошту. Аяз ата, аяз кызга айланган айдоочулар шаардыктардын жана меймандардын маанайын көтөрүү максатында кооздолгон автобус, троллейбустар менен каттап жатат. Ар бир айдоочу өзүнүн унаасын кыялындагыдай кооздогон. Коомдук транспортторду жарашыктуу жасалгалоо салтка айланган. Жаңы жыл күнү мында аудио куттуктоолор жаңырат.