Жаңылыктар
Кыргыз - араб: билим берүүдөгү кызматташтык
Дүйнө
Кыргыз - араб: билим берүүдөгү кызматташтык

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 18-декабрь - Эл аралык араб тили күнүнүн алкагында окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради менен жолукту. Иш-чарага Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбеков, “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов катышты. Анда эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу максатында пикир алмашуу болду. Ректор Абдраева элчини эл аралык араб тили күнү менен куттуктап, бул салтанаттуу иш-чаранын окуу жайда өтүп жаткандыгы студенттерге шык берерин белгиленди. Ошондой эле университетте диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруунун алкагында Теология бөлүмү пилоттук долбоору ишке киргизилгенин да кошумчалады.