Жаңылыктар
КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусу
Кыргызстан жаңылыктары
КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусу

Президент Садыр Жапаров Россияда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Алгач мамлекет башчылары "Павловск" музейинде, ал коруктун белгилүү сарай-сейил бак комплекстерин кыдыруу менен башталды, лидерлер "Царское Село" жана Петергофто болушту. 

Тааныштыруучу экскурсияга Россиянын Президенти Владимир Путин, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян катышты. 

Андан кийин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Константинов сарайына бет алышты. Россиянын Президенти Владимир Путин куттуктоо сөзүн айтып, Мамлекет башчылары чакырууну кабыл алып, Санкт-Петербургга жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келишкени үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады.