Жаңылыктар
УКМК: Күрөөканалардын иши көзөмөлдөнүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
 УКМК: Күрөөканалардын иши көзөмөлдөнүүдө

УКМК Чүй облусунун бардык аймактарындагы күрөөканалардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө алды. Анда 40 тан ашык күрөөканалардын иштөөгө уруксат кагаздары жана андагы каражаттын суммалары тууралуу документтер текшерилди. Жыйынтыгында күрөөканалардагы берилчү каражат 20% үстөктөн ашпашы керектиги жана бул үстөк бардык айып санкцияларын эске алганда да аны жогорулатпоо керектиги эскертилди. 

Учурда УКМК борбордогу күрөөканаларды текшерүүнү улантууда. Анда тармактын ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдуулук жана туура багыт алып баруусу көзөмөлдөнөт.