Жаңылыктар
Бишкектин борборунда жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин борборунда жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси башталды

Бишкектин Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси старт алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Жарманке 31-декабрга чейин уланат. Иштөө убактысы саат 10:00дөн 17:00гө чейин.

Шаар тургундарына атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын дүң баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.