Жаңылыктар
Башкы прокурор Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат сурады
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокурор Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат сурады

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты ("Альянс" фракциясы) Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев ЖКнын бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси боюнча айып тагылууда.

Жогорку Кеңештин отурумунда башкы прокурордун сунушун кароо боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлдү.

Анын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исраилов, Султанбай Айжигитов кирди.