Жаңылыктар
УКМК кызматкерлери балдарга майрамдык маанай тартуулашты
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК кызматкерлери балдарга майрамдык маанай тартуулашты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери «Ден соолук үчүн бирге» коомдук фондунун «Нур+» реабилитациялык борборундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жаңы-жылдык маанай тартуулап, таттуу белектерди берди. Салтанаттуу аземде башкармалыктын кызматкерлери УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан мекеменин жалпы кызматкерлерин жана балдарын келе жаткан майрамы менен куттуктады. 

Жетекчилигинин жана өздүк курамдын атынан борбордун материалдык базасын чыңдоого 500 миң сом, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн таттуулар жана оюнчуктар тапшырылды. Реабилитациялык борбордун жетекчилиги ыраазычылык билдирип, жардамдын натыйжасында 2021-жылы 1 млн сом, 2022-жылы 500 миң сом ижара акысына жумшаганын айтты.