Жаңылыктар
Интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишине бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишине бөгөт коюлду

УКМК Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен бирге кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө беренеси боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган Чүй облусунун Токмок шаарындагы интимдик жайларды уюштурган адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. 

Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын аймагындагы интимдик жайларды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам чаралар көрүлүп, анын жүрүшүндө телефон аркылуу сүйлөшүү жолу менен Токмок шаарында интимдик кызмат көрсөтүүчү адамдарды тейлеген сауна аныкталды. 

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана атайын тергөө аракеттери жүрүшүндө, фото жана видео жазуусу менен, Токмоктун Верхне-Луговая көчөсүндө интимдик кызмат көрсөтүүчү жай аныкталган. Натыйжада сойкукананын ээси жана интимдик кызмат көрсөткөн жарандар Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул багытта тиешелүү иш-чаралар дагы да уланууда.