Жаңылыктар
Башкы прокуратура мамлекетке зыян келтирген ишкана аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокуратура мамлекетке зыян келтирген ишкана аныкталды

Башкы прокуратура мамлекетке 3 МЛН 362 миң сом зыян келтирди деген шек менен "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын директоруН, аталган ишкананын куруучусун жана башкы энергетигин камакка алды. 

Коргоо министрлигинин жана "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп, Кочкор райондук аскер комиссариатынын эски имаратын демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө аткарылган иштердин наркын жогорулатып көрсөтүшкөн. 

Ашыкча акчаны кымтып калуу аракетинен мамлекетке 3 млн 362 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Аталган факт боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси "Коррупция" менен кылмыш ишин козгоду.