Жаңылыктар
Энергетикалык долбоорлор качан жемишин берет?
Кыргызстан жаңылыктары
Энергетикалык долбоорлор качан жемишин берет?

Өлкөдө өндүрүштүн саны көбөйгөн сайын электр энергияга болгон суроо-талап дагы артууда. Азыркы учурда жыл сайын орточо алганда он пайызга чейин керектөө жогорулап жатат. Мындан улам мамлекеттин алдыга койгон негизги максаттарынын бири электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү. Калкты жана экономиканын тармактарын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо. Учурда Кыргызстанда элүүгө жакын ар кандай ГЭСтердин курулушу жүрүп жатат. Арасында чакан, орто жана Камбар-Ата 1 сыяктуу мега долбоорлор бар.