Жаңылыктар
Жыл аягына чейин бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 111 млрд сомго жетет
Экономика
Жыл аягына чейин бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 111 млрд сомго жетет

Жыл аягына чейин бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 111 млрд сомго жетет. Бул рекорддук көрсөткүч. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Бажы кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада белгиледи. Аталган кызмат улуттук экономиканын атаандаштыгын жогорулатууга көмөк көрсөтүүнүн үстүндө.

Мамлекет башчысы Бажы кызматкерлерин мындай жогорку көрсөткүчтөргө карабастан, алдыга дагы амбициялуу максаттарды коюууга чакырды. Президент мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупцияга каршы жүрүм-турумду жана мыйзамды так сактоо принциптерин калыптандыруу – алардын ишинде артыкчылыктуу багыт болушу керектигин белгиледи. Быйыл тармакта ар кандай мыйзамсыз схемаларга аралашкан 76 абийирсиз кызматкер кызматтан бошотулду. Коррупцияга каршы аёсуз күрөш мындан ары дагы улантылат.