Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды
Кырсык
Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 14 күжүрмөн эсеп тартылып, бардык катталган тилсиз жоо боюнча убагында көмөк көрсөтүлдү. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкек шаарында - 2, Ош облусунда - 2, Чүй облусунда - 3, Жалал-Абадда - 3, Ысык-Көл облусунда - 3, Талас облусунда бир өрт кырсыгы болду. Куткаруу кызматтары беш жолу чыгып өрттү убагында өчүргөнгө жетишти.