Жаңылыктар
KG үлгүсүндөгү унаа номурлары жок кылынды
Кыргызстан жаңылыктары
KG үлгүсүндөгү унаа номурлары жок кылынды

Мамлекеттик каттоо кызматы буга чейин парламент менен өкмөттөгү атка минерлер пайдаланып келген KG үлгүсүндөгү унаа номурларын жок кылды. Мындай иш-чара бүгүн Бишкекте журналисттердин катышуусунда өттү. 

Жалпысынан KG үлгүсүндөгү 143 номур болсо, алардын ичинен 01 деген аталыштагы президенттин номуру гана калат. 

Калгандары бүгүн темир кескен кайчылар менен кесилип, жарактан чыкты. Эми анын калдыктары таштандыга ыргытылбастан, атайын комиссиянын коштоосунда “Темир” мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилет. 

Белгилей кетсек, жакында Жогорку Кеңеш KG сериясындагы номурлардан баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алып, аны аткарууну өкмөткө жүктөгөн. Өкмөт болсо мамлекеттин символу болгон президентке таандык 01 деген номурду гана калтырып, калгандарын жок кылуу чечимин кабыл алган.