Жаңылыктар
Аалам кыдырган кыргыз кызы
Кыргызстан жаңылыктары
Аалам кыдырган кыргыз кызы

Айзада  Сарыбаева, стюардесса:  “Стюардессалык кесипти бактылуу  кокустук менен аркалап калгам”

Азыр жаштар үчүн  мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги кең ачылып турган заман. Каарманыбыз Айзада Сарыбаева  ак эткенден так этип ушул кесипти аркалайм деп артынан чуркабаса да кадимки  мүмкүнчүлүктөрдүн артынан жана жараткандын буйругу менен көп кыздар эңсеген  кесиптин ээси болгон. Аталган кызматтын арты менен  Кувейт мамлекетинде көп жыл кызмат кылган. 

“Стюардесса болуу кыялым эмес болчу”

Менин кесибимди уккандардын бардыгы кантип бул кесипти аркалап калдыңыз, бала кездеги кыялыңыз беле?” деп көп сурашат. Чынын айтсам бала кезимде стюардесса болом деп деле кыялданган эмесмин. Студент кезде бардыгы эле чет өлкөгө барып иштеп келгиси келет эмеспи. Мен деле эл сыяктуу чет жакка чыгып келсем деп ойлоп, фирмаларды караштырып калчумун. Ошол күндөрдүн биринде Араб борборуна барып резюмемди таштагам. Аз өтпөй  сүйлөшүүгө чакырылдым, кудай жалгап өтүп  кеттим да 2012-жылы Кувейт мамлекетине кетип калдым. Бара калганда эле стюардесса  боло клаган жокмун, а түгүл оюмда да жок болчу. Кувейтте биринчи жөнөкөй эле  дүкөнчү болуп иштеп баштагам. Чет жакта жашагандар түшүнөт, бөтөн жерде  жүргөндө кыргызды кыргыз көргөндө бир тууганын көргөндөй кубанып, боор тартып  турабыз. Мага да өзүбүздүн кыргыз эжекелер жол көрсөткөн. Алар авиакомпанияда  иштечү экен. “Татынакай кыздар экенсиңер,  авиакомпанияга резюмеңерди жөнөткүлө, өтүп  калсаңар ажеп эмес” дешти. Мени менен дагы 2 кыз чогуу Кувейтке барганбыз,  баарбыз анкетеларды толутуруп жөнөттүк. Бактыга жараша бизди интервьюга чакырып  калышты. Сүйлөшүүдөн ийгиликтүү өтүп кеттик да иштеп калдык. Айтмакчы, дароо  эле ишке кабыл алышпайт экен, алгач 3 ай коопсуздук, тейлөө эрежелерин окуп,  экзамен тапшырып, учуп баштадык.                                                                                           

 ““Ааламга жол айылдан башталат”  деген сөзгө толук кошулам.”

Ооба, бул сөздүн маанисин анча деле түшунө берчү эмесмин. Кийин Кувейтте 7 жыл иштегенден кийин өзүмдүн кичинекей боз топурактуу айылымды сагынган кезде түшүндүм. Өзүм Нарын областына караштуу Нарын районунун Дөбөл айылында туулуп,  өскөм. Карапайым, дыйканчылык менен алектенген үй-бүлөнүн кызымын, 4 бир туугандын экинчисимин. Ошол эле элеттеги Ө.Токтосунов атындагы орто мектебинен билим алгам.

“Стюардессанын эң негизги талабы – эл аралык тилдерди жакшы билүүсү”

Бул тармакта иштегиси келген кыздардын саны арбын. Кээ бирлери атайын окуп алып бирок иштебей да калган учурлар көп эле болот. Негизи ар бир авиакомпаниянын талаптары ар башка. Ошентсе да Кайсы гана  авиакомпания болбосун ириде эл аралык тилдерди билүүсүн жана боюнун узун  болуусун талап кылышат. Бою 1метр, 62 сантиметрден жогору болушу  керек, сөзсүз түрдө арык болуусу шарт, денеде  ар кандай татуировка сыяктуу нерселер болбошу керек анан албетте өң-келбетке  өзгөчө көңүл бурушат.


“Стюардессалар карьерасын эрте эле  жыйынтыкташат”

Ооба, бул жумуш  сыртынан караганда жеңил, көптөр кызыккан кесип болуп сезилиши мүмкүн. Бирок  мунун да түйшүгү көп. Мисалы авиацияда иштөө графиги бир калыпта болбогон үчүн бир күнү түн учасың, бир күнү түн учасың, ар өлкөнүн сааты ар башка болот. Убакыттын айырмасы болгондо организм аябай кыйналып калат. Мындан сырткары эң башкысы психологиялык жактан стресске туруктуу болушуң керек. Себеби ар кандай адамдарды тейлөөгө туура келет, түрдүү кырдаалдар болот. Ошол себептен Азия өлкөлөрүндө 32 жашка чейин гана жумушка кабыл алышат. 32 жашка чейин авиацияга кирип алгандар бир топ куракка чейин иштеп, жетекчилик кызматына көтөрүлсө болот.  Ал эми Батыш өлкөлөрүндө болосо өмүр бою тандалган карьера катары эсептелинет. Америкада  50-60 жаштагылар деле иштеп жүрө беришет.


“Америка мүмкүнчүлүктөрдүн  ордосу. Мындан аркы кыялдарымды ошол жакта орундатсам дейм”

Иш аркылуу көп жолу Кошмо штаттарына барып көптөгөн досторду таптым. Чынында эле Кошмо штаттар бүт дүйнө элдеринин жаштарынын кыялдарын орундаткан ордо. Досторума конокко келип айлап-жылдап эс алган күндөрүм болду. Жашоо шарты, мүмкүнчулүктөрү мага абдан жаккандыктан мындан аркы кыялдарымды ушул жактан орундатууну максат кылып турам. Жакында эле штаттардан келдим, кайра кетейин деп турган учурум.