Жаңылыктар
Кыргыз-кытай чек арасындагы эки бекет 1-январда иштебейт
Чек ара
Кыргыз-кытай чек арасындагы эки бекет 1-январда иштебейт

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү бекеттери 1-январда жабык болот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, пунктулар кытай тараптын демилгесинин негизинде жабылат. Анткени бул күнү Кытайда жаңы жыл тосулат. 2-январдан тарта адамдар, транспорттор жана жүктөр өткөрүлө баштайт. Чек ара кызматы бул бекеттер иш күндөрү штаттык режимде иштей турганын жана ишемби, жекшемби күндөрү жабыларын эскертти.