Жаңылыктар
Мыктыбек Абдылдаев Элдик Курултайдын Катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мыктыбек Абдылдаев Элдик Курултайдын Катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы жыйналышынын протоколунун негизинде Абдылдаев Мыктыбек Юсупович Элдик Курултайдын Катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды.