Жаңылыктар
Базардагы негизсиз акча чогултуулар текшерилет
Кыргызстан жаңылыктары
Базардагы негизсиз акча чогултуулар текшерилет

Базарлардагы ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилигинин тапшырмасын аткаруу максатында, УКМК тарабынан “Дордой”, “Ак-Суу”, “Алкан” жана “Кербен” базарларынын жетекчилери соодагерлерден негизсиз акча каражаттарын чогулткан мыйзам бузуулар аныкталды. 

“Дордой”, “Ак-Суу”, “Алкан” жана “Кербен” соода комплекстеринин жооптуу адамдары тарабынан кыш мезгилинде жылытуу каражаттарын колдонууга уруксат берүү үчүн 100 доллардан 300 долларына чейин акча чогулткан. Ошол эле учурда жогоруда аталган базарлардын администрациясы соодагерлер жылытуучу шаймандарды уруксатсыз пайдаланган учурда аларга айып пул салып, жылыткычтарды жана кондиционерлерди колдонууга тыюу салган. Соода комплекстеринин администрациясынан “уруксат” алгандан кийин гана аларга аппараттарды колдонууга уруксат берилген. УКМК тарабынан базар жетекчилери менен тиешелүү профилактикалык сүйлөшүүлөр жүрүп, алар жылытуучу шаймандарды пайдалангандыгы үчүн ишкерлерден акча чогултууну токтотууну, ошондой эле бардык соодагерлерге эң ыңгайлуу шарт түзүүнү убада кылды. Мындан тышкары, базардын администрациялары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз чогултууларды кылган айрым кызматкерлерди ээлеген кызматынан четтетүү боюнча чечим кабыл алынды.