Жаңылыктар
Акжол Махмудов 2023-жылдын доминант балбаны деп табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Акжол Махмудов 2023-жылдын доминант балбаны деп табылды

Акжол Махмудов 2023-жылдын доминант балбаны деп табылды. Кыргызстандык спортчу быйылкы 11 беттештин биринде да жеңилген эмес. 

Ал Азия жана дүйнө чемпиондугунда, ошондой эле Азия оюндарында алтын медалдын ээси болду. Махмудов килемге чыкканда беттештердин 55%ын мөөнөтүнөн мурда жеңип, атаандаштарына мүмкүндүк бербей, байгелерди багындырган.