Жаңылыктар
Кыргызстандын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду. 

Анын максаты энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагын өркүндөтүү, ошондой эле жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды киргизүү, чакан жана орто бизнести колдоо жолу менен экономиканы туруктуу өнүктүрүү болуп саналат. Жалпысынан бул Мыйзам микрогенерация парник газдарынын жана зыяндуу заттардын чыгындыларын азайтууга, электр энергиясын үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн берүү менен экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Мыйзамда микрогенерациялоочу объекттерден электр энергиясын сатуу лицензияланууга тийиш эместиги тууралуу ченем каралган.