Жаңылыктар
Президенттин тапшырмасы менен афган элине гуманитардык жардам көрсөтүлдү.
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин тапшырмасы менен афган элине гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Президенттин тапшырмасы менен афган элине гуманитардык жардам көрсөтүлдү. 

УКМК Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте төрт гуманитардык акция өткөрдү. 

Кыргызстандык дарыгерлерди Ооганстанга жөнөтүү менен Ооган эли дары-дармек, тамак-аш, кийим-кече жана биринчи керектелүүчү товарлар менен камсыз болгон. Жалпысынан Ооганстанга, анын ичинде Герат провинциясынын жер титирөөдөн жабыркаган тургундарына 135 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Ооганстанда болгон табигый кырсыктардан улам бул өлкөнүн калкы оор социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү башынан өткөрдү. Ооганстандагы кырдаалдын курчушуна жол бербөөнүн жана эл аралык коомчулуктун кайдыгерлигинен эл аралык террористтик уюмдардын ордосуна айландырбоонун маанилүүлүгүн түшүнүү менен Кыргызстан ооган элине реалдуу жардам көрсөтүү, аларга ар тараптуу жардам берүү, экономиканы жана коомдук-саясий абалды турукташтыруу үчүн керектүү азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча конкреттүү кадамдарды жасап жатат. 

Бул боюнча 20-сентябрда Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында сүйлөп жатып, Ооган элине ар тараптуу гуманитардык жардам көрсөтүү чакырыгы менен эл аралык коомчулукка кайрылуу жасаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев да КМШнын жана Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында өткөрүлгөн эл аралык иш-чараларга катышуу учурунда катышуучуларды афган бийлигинин тартипти орнотуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу аракеттерин колдоого чакырды. Ооган бийликтери Ооганстандын эл аралык бөлүнүп калуусун эске алып өз кезегинде Кыргызстандын президентине, өкмөтүнө жана элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бул окуяны тарыхый деп атады. Ооган бийлигинин пикири боюнча, Ооганстанда чет мамлекеттин делегациясынын болушу жана жүрүшү өтө маанилүү жана бул аймакта коопсуз шарттар түзүлгөнүн көрсөтүп турат.