Жаңылыктар
Баткен районундагы 12 дарыканада контрабандалык дары-дармектер аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен районундагы 12 дарыканада контрабандалык дары-дармектер аныкталды

Баткен районундагы 12 дарыканада контрабандалык дары-дармектер аныкталды. УКМК маалыматында коңшу өлкөдө өндүрүлгөн 17 миң 393 таңгактагы “Алоэ экстракты суюктугу” медициналык препараттарын мыйзамсыз алып өткөн. Медициналык буюмдардын жалпы баасы 2 608 950 сом.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган жарандар кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси боюнча кылмыш жасаган деп айып тагылды. Ар бирине 150 миң сомдон айып салынып, контрабандалык жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылган унаа конфискацияланды. Мындан тышкары, жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Баткен районунун 12 дарыканада Кыргызстандын аймагында катталбаган “Алоэ экстракты суюктугу” аттуу контрабандалык медициналык дары-дармекти сатуу фактылары аныкталып, ага байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн жана учурда бул багытта тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. УКМК Кыргызстандын аймагында дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тыюу салынганын жана мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын эскертет.