Жаңылыктар
Жылуулук тармагынын маалымат борбору
Кыргызстан жаңылыктары
Жылуулук тармагынын маалымат борбору

"Бишкек жылуулук тармагы" Жаңы жыл майрамында жана андан кийинки каникулда күнү-түнү иштейт. 

Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады. Мекеменин маалыматы боюнча, жумушчу топтордун нөөмөт кезектери, кошумча ыкчам топтор түзүлгөн. Министрлик авария болгон учурда же жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо боюнча суроолор жаралса кардарларды колдоо борборуна кайрылуу керектигин эскертти. 

Борбордук райондун үй ичиндеги системаларын тейлөө боюнча нөөмөттөгү инженерлер, түштүк райондун үй ичиндеги системаларын тейлөө боюнча нөөмөттөгү атайын адистер ыкчам байланыш номерлери аркылуу дайыма байланышта.