Жаңылыктар
83 жаш курагында Эл акыны Сүйөркүл Тургунбаев дүйнөдөн кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
83 жаш курагында Эл акыны Сүйөркүл Тургунбаев дүйнөдөн кайтты

83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйөркүл Тургунбаев дүйнөдөн кайтты.

Кыргыздын атактуу асыл өнөр адамдарынын бири, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында 1940-жылы туулган. 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1966-жылдан тартып Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1970-1984-жылдары “Кыргызстан маданияты” гезитинде бөлүм башчы, 1986-1988-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча адабий кеңешчи кызматтарында иш алып барган. Сүйөркул Тургунбаевдин кыргыз адабиятына кошкон зор салымы үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктарды алган.