Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев: "Кыргызстанда криминалга каршы күрөш аягына чыгып калды"
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев: "Кыргызстанда криминалга каршы күрөш аягына чыгып калды"

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда криминалга каршы күрөш аягына чыгып калганын 31-декабрда Фейсбукка жазды. Ал "мындан ары өлкөдө криминалдык топтор, "мыйзамдагы уурулар" болбойт" деп белгиледи. 

"Мурдагы башчылардын аттарын атабай эле коеюн. Баары эмес, бирок көпчүлүгү криминал менен коюн-колтук алышып кеткен. Криминал менен күрөш такыр болгон эмес. Тескерисинче өздөрүнө жакпаган оппозициячы саясатчыларга криминалдарды жиберип, айрымдарын өлтүртүп, колдонуп жүрүшкөн. Бул эч кимге деле жашыруун эмес. Баарыбыз эле билебиз. Булардын баары кечээ эле көз алдыбыздан өткөн окуялар", - деп жаздыТашиев.

УКМК төрагасы ошондой эле бизнесмендерге кайрылып, "келгиле, кенен-кесир бизнесиңерди кыла бергиле. Мындан ары ишкерлер мамлекет тарабынан корголот. Мен ага кепилдик берем!" деп жазды.