Жаңылыктар
"Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн жаңы желеги илинди
Кыргызстан жаңылыктары
"Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн жаңы желеги илинди

Бүгүн, 1-январда "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн жаңы желеги илинди. Президент Садыр Жапаров 22-декбарда Туунун элементтерин өзгөрткөн мыйзамга кол койгон. 

Мыйзамда ошондой эле мамлекеттик желектин сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, ал эми мамлекеттик желектин сүрөтү түшүрүлгөн автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик номурлары жана транспорт каражаттарынын каттоо күбөлүктөрү тиешелүү орган тарабынан тиешелүү токтом чыгарганга чейин жарактуу болоору белгиленген.