Жаңылыктар
ИИМ: Жаңы жыл түнү тынч өттү
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Жаңы жыл түнү тынч өттү

Республика аймагында Жаңы жыл түнү тынч өттү, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. 31-декабрда республика аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 434 маалымат жана кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 3 кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. Майрамдык ири иш-чараларда мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоо коопсуздуктун бардык деңгээлин эске алуу менен камсыз кылынат. Жакын жайгашкан турак жай секторунда, түздөн-түз массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерде укуктук тартип көзөмөлдөөгө алынган. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук камсыздалууда, олуттуу бузуулар болгон эмес.