Жаңылыктар
Балдар үчүн кыргызча жомоктор жыйнагы чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Балдар үчүн кыргызча жомоктор жыйнагы чыкты

Балдар үчүн 11 китептен турган кыргызча жомоктор жыйнагы чыкты. Бишкектеги "Турар" басмаканасынан билдиришкендей, китептердин лицензиясы сүрөттөрү менен кошо чет элдик компаниядан сатып алынып, кыргыз тилине которулган. 

Түстүү иллюстрациялар менен коштолгон белгилүү жомоктордун топтомдон турат. Китеп чыгаргандар чет элдик жомокторду кыргызчага оодаруу менен балдардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу, алардын эне тилди билишине салым кошууну көздөп жатканын билдиришти. Жыйнак азыр башкалаадагы китеп дүкөндөрүндө жана оюнчук саткан дүкөндө сатылууда.