Жаңылыктар
Жаңы жыл түнү Кыргызстанда 276 ымыркай төрөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жыл түнү Кыргызстанда 276 ымыркай төрөлдү

Соңку бир суткада Кыргызстанда 276 ымыркай төрөлдү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматта айтылгандай, эки эгиз балдар Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында жарык дүйнөгө келген. Ыкчам маалыматка ылайык, 31-декабардын таңы саат 8ден 1-январдын түнкү саат 8ге чейин төрөлгөндөрдүн 143ү эркек, 133ү кыз. 15 төрөт кесерево жолу менен болгон. Жаңы жылга караган алгачкы мүнөттөрдө Биринчи болуп Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө 3,520 кг., бою – 49см болгон кыз бала жарыкка келген. Эң көп төрөт Ош шаарында жана Ош облусунда - 88, Жалал-Абад облусунда 57, Бишкек шаарында 52 ымыркай төрөлгөн.