Жаңылыктар
Дайынсыз жоголуп жаткан 6 адам табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Дайынсыз жоголуп жаткан 6 адам табылды

Нарын облусунда дайынсыз жоголуп жаткан 6 адам табылды. 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Унаасы жолго тыгылып калгандыктан сапарын улай албай калган тургундарды куткаруучулар Аксай өрөөнүндөгү Кында ашуусунан алып келишти. 

Учурда алардын абалы жакшы. 

Эске салсак, 17-ноябрда кечке маал "Ниссан" унаасында 6 адам Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүнөн Баш-Кайыңды айылына жолго чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.