Жаңылыктар
Кримчөйрө бийлик менен чырмалышпасын деп...
Кыргызстан жаңылыктары
Кримчөйрө бийлик менен чырмалышпасын деп...

"Бийлик менен кримчөйрө чырмалышып кетиптир, ошол себептен батыл чечимдерди кабыл алууга аргасыз болдук". Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев фейсбуктагы баракчасы аркылуу коррупция жана уюшкан кылмыштуу топ менен күрөштү дал ушундай сыпаттаган. Атайын кызматтын төрагасы элди жана инвесторлорду тоногон кылмышкерлерди жок кылбаса, экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес болчу деп эсептейт.