Жаңылыктар
Эрте турмуш курууга тыюу салган мыйзам долбоорго президент кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Эрте турмуш курууга тыюу салган мыйзам долбоорго президент кол койду

Өспүрүмдөрдүн нике кыюусуна шарт түзгөн тараптар менен молдолор 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Өспүрүмдөрдүн никелешүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоорго Президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мыйзам жарыялангандан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Эске салсак, өспүрүмдөрдүн никелешүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоору ушул жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин үчүнчү окуусунда кабыл алынган.