Жаңылыктар
7-январдан тарта мигранттар Орусияда иштей баштаганын ИИМге кабарлашы керек
Кыргызстан жаңылыктары
7-январдан тарта мигранттар Орусияда иштей баштаганын ИИМге кабарлашы керек

Россиянын Ички иштер министрлиги 2024-жылдын 7-январынан тарта бардык чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар Орусияда патент алууда же жумушка орношууда толтурушу керек болгон билдирүүнүн формасын бекитти. РИА Новости жазгандай, патент алган чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүгү жөнүндө билдирүү патент берилген күндөн тартып эки айдын ичинде Ички иштер министрлигинин аймактык органына көрсөтүлөт.

Билдирмени кол менен же компьютерден орус тилинде толтурса болорот. Ага эмгек келишиминин же аткарган жумуш келишиминин көчүрмөсү тиркелүүгө тийиш. Андан соң документ почта аркылуу же кагаз түрүндө ИИМдин аймактык бөлүмүнө берилет. Документти мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу электрондук форматта тапшырса болору кошумчаланды. Буйрук ушул жылдын 7-январында күчүнө кирет.