Жаңылыктар
Көмүрдүн импорту көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүрдүн импорту көбөйдү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарынан Кыргызстан көмүрдүн импортун 2,5 эсеге көбөйткөнүн билүүгө болот. Былтыркы жылдын январынан октябрь айына чейин өлкө аймагына 981 миң тонна көмүр кирген. Анын 970,8 миң тоннасы таш көмүр болсо, калганы күрөң көмүр болуп саналат. Кара алтындын дээрлик бардык көлөмү Казакстандан алынган, 11,2 тоннасы Россиянын үлүшүнө туура келет. Мындан тышкары, Германиядан 700 долларга көмүр сатып алганган.

Ал эми 2022-жылдын 10 айында республика 404 миң тонна көмүр импорттогон.